Бишкектен Орусия жана Европага баңгизат ташууга шектүүлөр кармалды

Орусияга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын ташууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына узак убакыттан бери Ооганстандан чыккан баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын чет мамлекеттер аркылуу транзит менен жеткирип жана сатып жүргөн улуттар аралык уюшкан кылмыштуу баңги тобу боюнча ыкчам маалымат келип турган. Орто Азиядан Орусияга, Балтика өлкөлөрүнө, андан ары Европага баңгизаттарды жүк ташуучу унааларда жасалган жашыруун жерлерге, эл керектөөчү товарларга, курулушка же айыл чарба продукцияларына катуу жолу менен ташышкан. Жогорудагы улуттар аралык баңги тобунун курамы Борбордук Азиянын, Орусиянын жана Европа өлкөлөрүнүн жарандарынан түзүлгөн. Бул топ ролдорду бөлүштүрүү жана купуялуулук белгилери бар кеңири структурага ээ. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Орусиянын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан аталган баңги топтун активдүү мүчөсү, Орусиянын 1988-жылы туулган жараны кармалгандыгы аныкталган.

21-ноябрда Новосибирск шаарынан ижарага алынган кампага тинтүү жүргүзүлүп, «травертин» фасаддык плиткаларына катылган 68 килограмм «ооган чарсы» жана пакеттеги 4 килограмм «героин» баңгизаты табылып алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кармалган жаран Бишкек шаарындагы 2 шеригинин жардамы менен баңгизат ташууну уюштурган. Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 1997-жылы туулган жигит кармалган. Андан кийин Панфилов-Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинен экинчи шериги Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 1997-жылы туулган дагы бир жигит кармалган. Алар жогорудагы жаранга Орусияга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын аткезчилик жол менен алып өтүүнү уюштурууга жардам берип жүрүшкөн. Иликтөө уланууда.