Бишкектен Ысык-Көлгө 22 жаштагы кызды ала качып бараткан 5 жигит кармалды

Бишкектен Ысык-Көлгө 22 жаштагы кызды ала качып бараткан 5 жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 4-июнда болжол менен саат 13:40 чамасында «102» кызматына адам уурдоо боюнча маалымат түшкөн. Окуя Бишкек шаарынын Ленин районунда болгон. Анда Улуттук хирургиялык борбордун жанынан Тойота үлгүсүндөгү унаага 1999-жылы туулган кызды салып кетишкен. Бул факты Ленин РИИБге каттоого алынып, кылмыш иши козголуп, «Перехват» планы жарыяланган.

Кызматкерлер тарабынан болжол менен саат 14:30 чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 33-37-чакырымында Тойота үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Анын ичинде уурдалды делген кыз жана 5 жигит болгон. Алардын бардыгы Ысык-Көл облусунун тургундары экендиги маалым болду. Кармалгандар Ленин РИИБге өткөрүп берилген. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, жигит менен кыз буга чейин достошуп жүрүшкөн.