Бишкектин 5-кичи районундагы үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
“Куткаруучулар 5-кичи районунда жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен славян улутундагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,- деп айтылат маалыматта.










