Бишкектин Бакай-Ата конушундагы каналга 9 жаштагы кыз жана 6 жашар бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМ куткаруучулары бөбөктөрдүн сөөгүн түн жарымда суудан таап чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен.








