Биринчи Май райондук соту «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Урмат Карыбаевди үй камагына чыгарган. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 4-декабрга чейин үй камагында болот.
Урмат Карыбаев Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелүүдө.