УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 85 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны кармалды. Тергөөчү сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча УКМКга жаран кайрылган. Шектүү УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды
Кечээ, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы...











