Бишкектеги «Фрунзе — 1» авиабазасында Ми-8 тик учагы кырсыкка учурады. Маалыматты журналисттерге «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынан тастыкташкан.
«Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:55те «Фрунзе — 1″ авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулап түшкөн. Борт 203. Экипаждын тагдыры азырынча белгисиз. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат билдирүүдө.
Кырсыктан 7 адам жабыркап, 1 адам каза тапканы айтылууда.