Бишкектин чок ортосунда мушташкан чет өлкөлүк жарандарды милиция издеп жатат (видео)

Бишкекте бир нече чет элдик жарандар мушташа кетишкен. Окуянын видеосун журналист Азамат Иманалиев Twitter баракчасына жайгаштырган.

Видеодо 10дон ашык чет элдик жарандардын Жеңиш аянтында мушташып жатканын көрүүгө болот. 

Бишкек ШИИБден журналисттерге жаңжал чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн, милиция аларды издеп жатканын билдиришти. «Факты Свердлов РИИБинин маалымат реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Мушташтын бардык катышуучуларынын аты-жөнү такталууда», — дешти милициядан.