Бишкектин чок ортосундагы атышуу. Кылмышка шектүүлөр бошотулду

Бишкекте ок атуучу курал колдонуп, бейбаштык кылууга шектелген алты жаран үй камагына чыкты. Бул тууралуу шаардын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Алар тергөө бүткүчө үй камагында болушат.

22-декабрда саат 21:00 чамасында Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына Эркиндик бульварында мушташып, атышуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Топ жарандар ортосунда чыр чыккан. Окуя болгон жерден алар газ-травматикалык тапанчанын болжолдуу үч гильзасын, ошондой эле аңчылык мылтыгынын үч гильзасын табышкан. Алар буга чейин Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында камалып турушкан.