Abank
SerepTV Logo

Бишкектин чок ортосундагы батирден сойкукана табылды. Аны 20 жаштагы жигит уюштурган делүүдө

Бишкектин чок ортосундагы батирден сойкукана табылды. Аны 20 жаштагы жигит уюштурган делүүдө
Бишкек шаарында сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. 4-декабрда «Притон-Көпөлөк» аталышындагы профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Абдрахманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде акча үчүн интимдик кызмат көрсөтүлүп жүргөнү аныкталды. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү, ошол эле кылмыш балдарды пайдалануу менен жасалса) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 2003-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдиг убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от УВД Свердловского района г.Бишкек (@uvd_sverdlovskyi312)

Ташкент шаарында эки аял менен жашаган эркек биринчи жубайын өлтүрүүгө киллер жалдаган

14:12 05.05.2026

Бишкек-Ош унаа жолунда чоң көлөмдүү таш көчкү түштү

09:03 05.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Индонезияда сейрек кездешүүчү кубулушту - күн желесиндей булуттарды тартып алышты

14:47 05.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Ысык-Көл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкеринин эмгек акысынын эсептелиши боюнча түшүндүрмө

17:09 06.05.2026

Тоо жакка эс алууга чыксаңыз, эске алыңыз: 7-12-май күндөр аралыгында сел жүрүшү мүмкүн

16:46 06.05.2026

Садыр Жапаров Кадамжай районундагы “Торговый” базарына барды

16:34 06.05.2026