Бишкектин экс-мэри алдамчылыкка шектелип, камакка алынды

Бишкектин экс-мэри Эрмек Нургазиев алдамчылыкка шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.

2019-жылдын июль айында турак жай-курулуш кооперативдеринин биринин төрагасына карата чара көрүү тууралуу жамааттык арыз түшкөн. Анда буга чейин сатылган үйлөр кайра сатылганы айтылып, жалпы 68 миң 550 доллар зыян тартышканын билдиришкен. Бул факты каттоого алынып, «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ушул жылдын 17-март күнү прокуратура тарабынан бул иш Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына тапшырылган. 18-март күнү кылмышка шектүү кармалып, кийин соттун чечими тергөө аяктагыча СИЗО-1ге камакка алынды.

Азыркы тапта шектүүгө карата 7 арыз түшүп, анда зыяндын суммасы 4700 доллар жана 309 миң сом түзөт. Ошону менен жалпы зыяндын суммасы 7 миллион 845 миң 692 сомго жеткен. Эгерде аталган жарандан жабыркагандар бар болсо, анда 0312 43 01 27 же 102 номерин байланышууга болорун милициядан билдиришти.