Ошто мечиттерден уурулук кылууга шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.
1995-жылы туулган Сузак районунун тургуну Ош шаарына келип, мечиттерге намаз окуганы келген жарандардын алаксып калгандыгынан пайдаланып, аларга таандык болгон буюмдарды: телефон, акчалай каражаттары, сумкаларын уурдап изин жашырып жүргөн. Бүгүнкү күндө жабырлануучулардын саны 20га жакындап калды. Кармалган жаран уурдалган буюмдарын арзан баада соодагерлерге өткөрүп берип турган. 3-апрель күнү шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, уурулук беренеси боюнча тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда шектүү буга чейин Бишкекте да ушундай кылмышы үчүн соттолуп чыккан.