Бүгүн, 28-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан борбор калаанын мурунку мэри Азиз Суракматовдун баш коргоо чарасы каралып, 26-июлга чейин камакта калтырылды. Маалыматка караганда, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Суракматов 26-майда коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектелип Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган.