Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгында «Притон-Бабочка» аталышындагы профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Осмонкул көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринде администратор социалдык жоопкерчилиги чектелген кыздарга интимдик кызмат көрсөтүүгө шарт түзүп берилгени аныкталган. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
25 миллион сом… Уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн масштабдуу ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 15 адамдан турган туруктуу уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) ишмердүүлүгү токтотулду. Аталган жактар...










