Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Селекционное айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Кырсыктан жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 17:47де Ленин райондук №6 ӨКБдан бир күжүрмөн эсеп тартылып, саат 18:50дө толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн 25 чарчы метри күйгөн. Жабыркагандар жок.











