Бишкекте унаа айдап качууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 22-февраль күнү болгон. Хонда Фит унаасынын айдоочусу унаасын токтоткон жерден таппай калган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелип 1992-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Ал эми унаа ээсине кайтарылган.