Бишкекте баңгизат сатууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин ыкчам кызматкерлер баңгизат саткан белгисиз адамдар жөнүндө маалымат алышкан. Мындан тышкары жарандардын шаардагы батирлердин бирине баңгизат колдонуу үчүн тынымсыз чогулуп турушкандыгы тууралуу далилдер алынган. Баңгизат менен күрөшүүчүлөр кинологдор менен биргеликте тинтүү жүргүзүп, батирдеги дивандын астынан 141 престелген брикет гашиш табышкан. Анын жалпы салмагы 2 килограмм 721 граммды түзгөн.
Кылмышка шектелип, Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.










