Бишкектин тургунунун үйүнөн тапанча жана гранатага окшош зат табылды

Мыйзамсыз курал-жарак сактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Борбор калаанын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине Бишкектин Түлөберди аттуу тургуну өз үйүндө ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды жана алар үчүн ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты катталып, кылмышка шектүү кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда мылтык, РГД-5 гранатасына окшош буюм табылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.