ӨКМнын берген маалыматына ылайык, окуя 8-июлда болгон. Жерине 10-июль күнү кечки саат 19:00 чамасында 5 куткаруучу барып, 11-июлда саат 10:00 чамасында кайтып келишкен. Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жана каза тапкандар катталган жок. Бирок мөңгү көчкөн учурду видео жана сүрөткө тарткан туристтердин бири бутунан жеӊил жаракат алып, ошол эле күнү “Кумтөр” ишканасынын дарыгерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн. Түшкөн мөңгүнүн кесепетинен аталган тилкедеги мал айдап өтүүчү 1 көпүрө жараксыз абалга келген. Аталган тилкеден мал айдап өтүүгө жол ачык.
Төө-Ашууда түшкөн кар көчкү тазаланды
Тартылган күч каражаттардын жардамында Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн кар көчкү саат 10:20да толук тазаланып, жеңил унааларга эки тараптуу ачылды....