Блогер Адыл Акжол уулу камактан чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки тарап элдешип, кылмыш иш токтотулган.
12-августта Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, блогер Адыл Акжол уулу кармалып, 4-октябрга чейин камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.