Опузалап акча каражатын талап кылууга шектелип жаткан блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук сотунан тастыкташты.
«Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясынын 22-февралындагы токтому менен УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын ергөөчүсүнүн өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылган. Шектүүгө карата 8-февралдагы токтому менен камакка алуу бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, бөгөт коюу чарасы катары үй камагы тандалган. Ал 26-мартка чейин үй камагында болот. Ал сот залынан бошотулду»,- деп айтылат маалыматта.