Блогер Гүлзат Мамытбек кармалды. Ал алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн

Блогер Гүлзат Алымкулова кармалды. Ал коомчулукка Гүлзат Мамытбек деген ат менен белгилүү. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек ШИИБден тастыкташты.

Милициянын берген маалыматына караганда, Биринчи Май РИИБге 7 адам арыз менен кайрылып, алар Гүлзат Мамытбекти алдамчылыкка айыпташкан. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашкан. Факты Биринчи Май РИИБге катталып, Жазык кодексинин 204-беренесине ылайык (алдамчылык) сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Алынган маалыматтарга караганда, ал 2020-жылдын февраль айында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 2020-жылдын 8-июнунда аталган жаранга кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу сырттан билдирилген. Ал эми 2020-жылдын 13-июлунда ага карата сырттан СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү чечим чыккан. Ошол эле жылдын 8-августунда соттук иш убактылуу токтотулуп, издөө жарыяланган. Кечээ, 25-октябрда Гүлзат Мамытбек Кыргызстанга келери менен кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат», — деп айтылат маалыматта.