Блогер Гүлзат Мамытбектин иши боюнча соттук отурум өтүп жатат

Бүгүн, 1-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда алдамчылыкка шектелип жаткан блогер Гүлзат Мамытбектин иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган райондук соттон тастыкташты.

Маалыматка караганда, соттук отурум саат 14:00гө белгиленген. Гүлзат Мамытбек 26-октябрда алдамчылыкка шектелип кармалган. Анын үстүнөн 7 жабырлануучу арыз жазып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашкан. Анын Биринчи Май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, 25-ноябрга чейин камакка алынган.