Блогер өзүнүн BMW унаасы менен скутерди сүзүп, 17 жаштагы өспүрүм каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, кырсык 25-февралда болгон. BMW унаасы магистралда кетип бара жатып, Асылкеч көчөсүнүн кесилишинде магистралга бурулуп жаткан скутерди сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен скутердин 17 жаштагы айдоочусу Тез жардам кызматы барганга чейин каза болгон.
Каза болгон өспүрүмдүн агасы журналисттерге билдиргендей, рулда белгилүү блогер болгон. Анын айтымында, блогер катуу ылдамдыкта бара жаткан. Ал ошондой эле Тез жардам кызматын бир сааттай күтүп калышканын айтты. Маркумдун агасы блогер жазадан кутулуп кетет деп кооптонуп жатканын билдирген.
«Бардык чогултулган материалдар тергөө кызматына өткөрүп берилди. Унаа айып короого киргизилди. Айдоочу кармалган, бирок убактылуу кармоочу жайга киргизиле элек»,- деп айтылат милициянын маалыматында.












