Блогерлердин букмекердик оюндарды жарнамалашы. Оюн-зоок ишин уюштурууга шектүүлөр кармалды

Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери блогерлер өз баракчаларында жарандарды Кыргызстандын аймагында лицензиясы жок букмекердик конторалардын оюндарына катышууга чакырган жарнамалык роликтерди активдүү жайылтып жаткандыгы тууралуу маалымат алышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесине (оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу) ылайык кылмыш иши козголду. Иликтөө жана ыкчам-техникалык иш-чараларынын жүрүшүндө, ыкчам кызматкерлер тарабынан лицензиясы жок букмекердик кеңселерге кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу аркылуу кызматтык иштерди жүргүзүп, жарандардын акча каражаттарын системалуу түрдө уурдоо менен алектенген, ошондой эле Кыргыз жарандарын тартуу үчүн жергиликтүү блогерлерди пайдаланган 2002-жылы туулган Ж.М. жана 2004-жылы туулган Т.Д. аттуу чет элдик жарандар аныкталып, райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилишкен.

Ишкананы тинтүү учурунда акча каражаттары, документтер, электрондук алып жүрүүчүлөр, банк карталары жана кылмыш ишине тиешеси бар башка буюмдар алынган.

«Учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында бардык чаралар көрүлүүдө», — дешти.