«Бөлөм зордуктап, андан кыз төрөгөндөн кийин мени киши ордуна көрбөй калышты» дейт келин

Бүгүнкү каарманыбыз колуна 3 жашар кызын жетелеген жалгыз бой эне. Ал “бөлөм эки жолу эркиме каршы зордуктаган. Боюмда бар экенин 3 айдан кийин билдим” дейт. Ал швеяда иштеп жүргөн кезинде Орусиядан бөлөсү келип, жумуш таап берүүсүн суранган. Аны жумушка киргизип, ал түнү менен иштегенде каарманыбыздын үйүндө түнөп калганын айтат. Анын айтымында, декабрь айында бөлөсү мас абалында келип, зордуктап салган, мындай иш кийин да бир жолу кайталанган. 3 айдан кийин боюнда бар экенин билген.

«Менин боюмда бар экенин укканда Орусияга кетти. Кызыма 11 ай болгондо, мени коркута баштады. Ошондо анын ата-энесине айттым. Алар «сотко бербе, биз жардам беребиз» дешти. Былтыр сиңдим киши колдуу болду. Милиция эч нерсе кыла алган жок. Ошондон кийин «билгениңди кыл» деп калышты. 2-3 күн мурун кызым ооруп, ага жазууга мажбур болдум. Бирок жардам болгон жок, катыма жооп да келген жок. Ал 1994-жылы туулган. Үй-бүлөсү жок. Мен турмушка чыгып, 7 ай жашагандан кийин эки жолго түшкөнбүз. Мен укук коргоочулардын жардам берүүсүн суранам. Атасы кызыма алимент төлөп берүүсүн өтүнөм. Зордукталып, төрөгөндөн кийин мени киши ордуна көрбөй калышты»,- дейт келин.