Бөлтүрүк тарабынан келтирилген зыяндын орду толукталып, 844 миллион сом казынага кайтарылган

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке 1 миллиард 146 миллион 449 миң 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Учурда келтирилген зыяндын 80 пайызга жакыны, тактап айтканда 844 миллион 512 миң 858 сому Теңгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылган.

«Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына Бөлтүрүктүн жактоочулары тарабынан айыпкерди абактан үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч келип түшкөн. Жогорудагыларды эске алуу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан анын бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жана келтирилген зыяндын калган суммасын өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.