Боом капчыгайында жол кырсык катталды

Боом капчыгайында оор жүк ташуучу унаа жолду бөлүп турган бетонду сүздү. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кечээ, 8-ноябрда көмүргө толтурулган КамАЗ үлгүсүндөгү унааны Жумгал районунун тургуну башкарып бара жаткан. Болжол менен саат 14:15 чамасында бетонго урунган. Жаракат алгандар, көз жумгандар жок.