Боом капчыгайында жол толук ачылды (видео)

Үч дубанды бириктирүүчү Боом капчыгайында бүгүн, 31-июлда  жол каттамдары эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта болжол менен 20 -22 миң куб кум-шагыл тазаланган.
Эске салсак, 30-июль күнү катуу жааган жаандан капчыгайда сел жүүп чоң жолду кум-шагылга толтуруп, жол кыймылын токтоткон.