Боом капчыгайында кайра сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылды (видео)

Бүгүн, 5-август күнү Боом капчыгайында жаан-чачындан пайда болгон селдин кесепетинен көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калган. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдайт.

 

— Учурда көчкүнү тазалоо иштерине бардык керектелүүчү техника каражаттары тартылып, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалоо иштери эки тарабынан тең кызуу жүрүүдө.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун Боом капчыгайы аркылуу бардык унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип, ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан жеринде түшүндүрүү иштери жүрүзүлүүдө.

Жол тазалоо мекемесинин кызматкерлери көчкүнү тазалап, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалап жетишпей жатышкандыгын жана түшкөн көчкүнүн көлөмү көп экендигин билдиришүүдө.

ЖКККББнын кызматкерлери, айдоочуларды жол кыймылынын убактылуу чектөөсүнө түшүнүү менен мамиле кылып, алыскы сапарларды алдын ала пландаштырууга чакырат.