Боом капчыгайында селде калган туристтердин абалы айтылды

Чүйдө Боом капчыгайында селден жабыркаган туристтердин абалы жакшы. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
«Кечээ, 5-августта Кемин районуна караштуу Коңорчок тоосунун каньондорунда саякаттап жүргөн Орусиянын эки жараны 1993-ж.т. Ш.Д. аттуу аял жана 1995-ж.т. Т.Д. аттуу эркек киши нөшөрлөп жааган жамгырдан кийинки сел сууларга кабылып, буттарын кокустатып алышкан.
Мындай маалыматтан улам жерине барган Кемин райондук №5 ӨКБдан 5 куткаруучу тоодон түшүрүп, Бишкек –Нарын –Торугарт унаа жолунун 132 чакырымында турган «Тез жардам» унаасы менен Кемин райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда абалдары жакшы», — деп билдирет басма сөз кызматы.