Социалдык тармактарга 5-август күнү Боом капчыгайында селде калып кеткен туристтердин видеосу тарады. Видеодогу маалыматка ылайык, туристтер сел менен кошо агып кетишкен. Сел менен кошо аккан аял менен эркектин колу-буттары сыйрылып, өзү менен кошо алып жүргөн буюмдары агып кеткен. Кырсык Боом капчыгайынын үстүндөгү Коңорчок каньонунда орун алып, жабырлануучулар аймактык ооруканага жеткирилген.
УКМКнын 3 кызматкери кармалды
УКМК жетекчилиги системаны тазалоо, ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатуунун жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн алкагында кадрдык курамды активдүү тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул...









