Социалдык тармактарга 5-август күнү Боом капчыгайында селде калып кеткен туристтердин видеосу тарады. Видеодогу маалыматка ылайык, туристтер сел менен кошо агып кетишкен. Сел менен кошо аккан аял менен эркектин колу-буттары сыйрылып, өзү менен кошо алып жүргөн буюмдары агып кеткен. Кырсык Боом капчыгайынын үстүндөгү Коңорчок каньонунда орун алып, жабырлануучулар аймактык ооруканага жеткирилген.
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды
Кечээ, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы...






