Боомдо 18 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды

Боомдо жылкынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 18 жаштагы кыз көз жумду. Маалыматты журналисттерге Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташкан.

Маалыматка караганда, жол кырсык кечээ, 15-октябрда болжол менен саат 20:00 чамасында Боом капчыгайында катталган. 1998-жылы туулган кыз БМВ унаасын башкарып бара жатып, жолго чыга калган жылкыны сүзгөн. Кесепетинен айдоочу, 1976-жылы туулган жүргүнчү жаракат алып, 2004-жылы туулган кыз көз жумган.