Боомдо чыккан өрт чектөөгө алынды

Кечээ, 7-майда Балыкчы-Бишкек жолунун жээгинде чыккан өрткө кошумча саат 22:30да «Балыкчы» суу чарбасынан 1 суу ташуучу унаа тартылган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен саат 00:30да чектөөгө алынып, жеринде Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүктөн 1 күжүрмөн эсеп, Токой чарбасынан 10 кызматкер өрттү толук өчүрүүгө жана түнкү нөөмөт уюштурууга калышкан. Буга чейин иштеп жаткандар туруктуу орундарына кайтышкан. Бүгүн, 8-майда жерине таң эрте өрттү толук өчүрүү иш-чараларын жүргүзүүгө кошумча Тоң райондук №38 өрткө каршы бөлүктөн 5 куткаруучу, райондук токой чарбасынан 4 кызматкер жана Көк-Мойнок айыл аймагынан 3 кызматкер тартылды.

Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 157-чакырымындагы ачык аянттагы куураган чөп жана бадалдардан чыккан өрттүн болжолдуу аянтты 10 гектарды түзөт.