Боомдо дагы өрт чыгып, аны өчүрүү иштери жүрүп жатат

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 157-чакырымында ачык аянттагы куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:01де Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 14:15те 1 жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылды.
Учурда кошумча Токой чарба кызматынан 15 кызматкер жана ИИМден 1 экипаж, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан 15 кызматкер өрттү өчүрүүдө көмөктөшүүдө. Болжол менен өрттүн аянты 10 гектарды түзөт.