ӨКМдин кызматкерлери Боом капчыгайында жол кырсыкка кабылган жүк ташуучу унаанын айдоочусуна жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-июнда кызматкерлер жол кырсык болгонун көрүшкөн. Курулуш материалдарын ташыган жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, айдоочу оор жаракат алган. Колу сынган жана отургуч менен рулдун ортосуна буту кыпчылып калган.