Кечээ, 1-октябрда Боом капчыгайында жол кырсыгы катталган. Кемин райондук ооруканасынан 2 адам каза болгонун билдиришти.
Жол кырсыгына жеңил унаа менен чакан автобус кабылган. «Маркумдардын бири ошол жерден мүрт кеткен, дагы бир аял реанимацияда каза болду. Ушул эле бөлүмдө дагы үч адам жатат. Тогуз киши хирургия бөлүмүндө», — деп айтылат маалыматта.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгына кайрылганыбызда, маалымат такталган соң, берилерин билдиришти.