Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатынын аймагындагы көлдөн аквапарктын суу соруучу 500 мм диаметрлик түтүкчөсү 2003-жылы туулган жигитти соруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине ӨКМдин Ысык-Көл райондук бөлүм башчысынын жетекчилигинде 4 куткаруучу, Ысык-Көл айыл аймагынан 1 экскаватор, ИИМден 30 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, түтүкчөнү кесип маркумдун жансыз денесин чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.