Аквапаркта каза болгон жигит. Окуянын күбөсү: «Түтүкчөнүн ичиндеги даттан жигиттин денеси тилинип кетиптир дешти»

Кечээ, 27-июлда Бостеридеги «Алтын кум» эс алуу жайындагы аквапаркта 18 жаштагы жигитти суу соруучу түтүк соруп, каза болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган жайда сатуучу болуп иштеген Жумабекова Асел окуя тууралуу айтып берди.

“Мен Бостеридеги эс алуу жайдагы көл жээгине жакын дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштейм. Окуя болгон күнү да жумушта болчумун. Укканыма караганда, бала көлгө эжеси иниси жана дос баласы менен эс алганы келген. Баланы саат 14:00 чамаларында түтүкчө соруп кеткен, курдаштары колунан тартып бирок, күчтөрү жетпей коё беришкенин айтышууда. Баланын түтүкчөгө кирип кеткенине күбө болгон балдар дароо эле көл жээктеги элдерге айтышып, куткаруучуларды издешет, тилекке каршы куткаруучулар да болгон эмес. Куткаруучулар 2-3 сааттай кечигишип анан келгенин көрдүк. Саат 14:00дө түтүкчөгө кирип кеткен баланын жансыз денесин саат түнкү 22:00дө таап алып чыгышты. Түтүкчөнүн ичиндеги даттан баланын жансыз денеси тилинип кетиптир дешти. Негизи эле бул жайда коопсуздук чаралары каралган эмес. Аквапарк “Дельфин Делюкс” пансионатына караштуу болушу мүмкүн”,— дейт күбө.

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы сатуучу айткан маалыматты четке какты. Алардын маалыматы боюнча окуя тууралуу билдирүү саат 15:25те келип түшкөн, куткаруучулар болсо, жерине 15:50дө жеткен. Куткаруучулар саат 18:30да кайтышкан.