БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов кармалды

УКМК тарабынан өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун БШКнын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун “Жээк” айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин 95 пайыздык акциясы өзүнө таандык болгон “Кайнар” ЖАКсына аянты 11,2 гектар болгон таштанды таштоочу жайды бекер бөлүп берүүгө мажбурлаган.
Ошону менен бирге Ысык-Ата райондук администрациясынын буйругуна ылайык, “Кайнар” ЖАКу 2015-жылдан баштап белгиленген тилкеде бардык санитардык-экологиялык нормаларды сактоого милдеттендирилген жана түзүлгөн келишимдер боюнча Кант шаарынын мэриясы 2015-жылдан бери катуу тиричилик таштандыларын жок кылып туруу үчүн ай сайын 250 миң сом “Кайнар” ЖАКга төлөп турган. Бирок “Кайнар” ЖАКы таштанды таштоочу жай уюштуруу менен гана чектелип, катуу калдыктарды жол кылуу боюнча эч кандай санитардык нормаларды сактабаганы аныкталды.
Кечээ, 30-апрелде жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча алдын ала квалификациялоо менен кылмыш иши козголуп, аталган кылмышка шектүү катары Туйгунаалы Абдримов кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда УКМК тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

Өткөн жылдын сентябрь айында ал ИИМге суракка чакыртылган. Бул окуяга удаа эле үйү тинтүүгө алынып, УКМКга сурак берип, мыйзамсыз баюуга шектелип жатканы маалымдалган.