Бүгүн, 18-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши боюнча алдын ала угуулар башталды. Ал сотко жеткирилди.
«Бул күндөр да өтөт», — деди ал журналисттерге. Сот жабык эшик артында өтүүдө.
Адахан Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Ал мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда.