«Бутуна 3 жолу сайылган». Майлуу-Сууда 24 жаштагы жигит ооруканада көз жумду

Жалал-Абадда 24 жаштагы жигит каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, Майлуу-Суу ШИИБге шаардык Тез жардам кызматынын фельдшери телефон чалып, 28-январга караган түнү саат 03:30 чамасында Майлуу-Суу шаарынын Саматов көчөсүнөн мас абалда 1998-жылы туулган жигит бутунун үч жеринен учтуу нерсе менен сайылган абалда шаардык ооруканага алып келгендигин билдирген. Анын кесепетинен жигит денесинен алган жараатынан улам Майлуу-Суу шаардык ооруканасында өзүнө келбей каза болгон.

Бул окуя боюнча 130-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Аталган факты боюнча 28-январь күнү Майлуу-Суу ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Майлуу-Суу шаарынын тургуну 1993-жылы туулган жаран кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.