«Бычак менен сайган». Таласта 36 жаштагы келиндин өлүмүнө жолдошу шектелип жатат

Таласта 36 жаштагы келиндин өлүмүнө жолдошу шектелип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу айылынын тургунунан билдирүү келип түшкөн. Анда 17-октябрга караган түнү саат 03:30 чамасында аталган айылда 1983-жылы туулган аялын 1984-жылы туулган жолдошу өлтүрүп салган деп айтылган. Окуя болгон жерге Талас РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыккан. Текшерүүдө Кара-Суу айылынын тургуну келинчеги менен өз ара чатакташып, бычак менен сайып өлтүрүп салгандыгы аныкталган.

Аталган факты Талас РИИБге Жазык кодексинин 130-беренеси менен катталып, тиешелүү соттук экспертизалары дайындалып, азыркы учурда шектүү 2 айга камакка алынды. Учурда факты боюнча тергөө жана иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат.