«Бычак менен сайгылап өлтүрүп, үйдүн жанына көмгөм». Ошто дайынсыз болуп жаткан студент кыздын жансыз денеси табылды

Ошто дайынсыз болуп жаткан 4-курстун студентинин жансыз денеси табылды. Ал киши колдуу болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. 

Милицияга Ош шаарына караштуу Кеңеш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, анын 2000-жылы туулган кызы 30-январь күнү саат 09:00 чамасында үйдөн окууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Аталган маалымат Ош ШИИБге катталган. Окуя боюнча күбө катары дайынсыз жоголгон кыздын жакындары, тааныштары суралган. Көрүлгөн иштердин натыйжасында, бүгүн 8-февралда Ош облусунун Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну — ОшМУнун 4-курсунун студенти качып жүргөн жеринен кармалып, Ош ШИИБдин Тергөө кызматына жеткирилди. 

Шектүү көрсөтмө берген. “30-январда саат 10:00 чамасында тааныш, сүйлөшүп жүргөн кызым менен жолугуп, аны менен өзүм жашаган үйгө келдик. Анан ошол жерде экөөбүз сүйлөшүп отуруп, чырдашып, урушуп кеттик. Ошондо менин ачуум келип, аны үйдөгү аш бычак менен сайгылап өлтүрүп салдым. Андан соң анын өлүгүн үйдүн жанына көмүп, кышкы кийимдерин, сумкасын сыртта жайгашкан дааратканага ыргытып жибердим. Ошол күнү окууга бардым да, эртеси күнү Өзбекстандын аймагына өтүп, ошол жактан Орусияга учуп кеттим”, — деген. 

Жогорудагы кармалган шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде, бүгүн саат 18:00 чамасында Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы шектүү короого кароо жүргүзүлүп, үйдүн түндүк тарабындагы дубалы менен короонун дубалынын ортосундагы чуңкурда дайынсыз жоголгон кыздын жансыз денеси табылган. Дене ташталган чуңкур топурак менен көмүлүп, үстүнөн курулуш материалдар таштандылары менен жашырылган абалда болгон. Шектүү өлүктү көмгөн жерин адвокатынын катышуусунда көрсөтүп берген. Денени алгачкы кароо учурунда анын денесинин үстүңкү бөлүгүндө 9 даана курч миздүү буюмдан келтирилген дене жарааттары бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча соттук-биологиялык, соттук-медициналык, соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, күбөлөр жана жабырлануучу тарап суракка алынып, тийиштүү тергөө амалдары жана ыкчам иш аракеттери жүргүзүлүүдө. Шектүү камакка алынды.