Бүгүн Жогорку Сотто экс-премьер Сапар Исаковдун иши каралат

Бүгүн, 25-январда Жогорку Сотто экс-премьер Сапар Исаковдун ЖЭБдин модернизациясы боюнча иши каралат. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымат бөлүштү.

«Бул иш боюнча Сапар Исаковду толугу менен актай турган жаңыдан ачылган жагдайлар пайда болду. Өкүм чыккан соң, мамлекеттик бюджетте ЖЭБдин модернизациясынан улам зыян келтирилгени тууралуу көрсөтүлгөн эмес. Бул аралыкта Кыргыз өкмөтү Кытайдан алынган кредит боюнча үстөк пайызды убагында төлөөнү улантууда, а бирок иштин алкагында кытай тарап да коррупцияга айыпталышы керек эле. Адам машинаны уурдап качты деп соттолуп, бирок кийин жабырлануучу эч кандай унаа уурдалган эмес деп айтканын элестеткиле», — деп жазган жактоочу.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБдин модернизациясы боюнча иште мүлкү конфискацияланып, 15 жылга соттолгон. Мындан тышкары Тарых музейинин модернизациясы боюнча иши да бар. Өткөн жылдын октябрь айындагы окуяларда экс-премьер түрмөдөн чыгып, бирок кайтып барган эмес. Учурда анын дайыны белгисиз жана ага издөө жарыяланган.