5-ноябрда болгон Филиппиндеги «Калмаеги» тайфунунун кесепетинен каза болгондордун саны 85ке жетти. Метеорологиялык кызматтын маалыматы боюнча, 1 чарчы метрге 183 литр жаан жаады. Шамалдын ылдамдыгы болсо 195 км/саатка жеткен.
Кырсыктын кадрлары социалдык тармактарда тарап жатат. Сел жеңил унааларды, жүк ташуучу контейнерлерди агызып кеткен. Өлкөнүн түштүгүндөгү Себу шаарында бир нече үй-бүлөнү суу агызып кеткен, алардын көбү дайынсыз. Минданао аралында куткаруу операциясы учурунда тик учак кулап түшкөн. Бийлик алдын ала 400 миңдей адамды эвакуациялоого жетишкен.
«Мен бул жерде 28 жылдан бери жашайм, бирок бул мен көргөн эң жаман ташкын. Суу абдан тез көтөрүлдү. Таңкы саат 4тө бардыгы көзөмөлдөн чыкты — адамдар үйлөрүнөн чыга албай калышты», — деди тургун Дон дель Розарио. Ал өзүнүн имаратынын эң жогорку кабатына чыгып качып кутулган.
Быйылкы эң күчтүү тайфундардын бири миңдеген адамдарды үй-жайсыз калтырды.












