Быйылкы жылдын акыркы 2 айында Бишкекте 19 зордуктоо фактысы катталды

Бишкекте зордуктоо фактылары боюнча 2023-жылдын 2 айында 19 учур катталган. Былтыркыга салыштырмалуу бул 8 учурга көп. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков түз эфирде билдирди.

«Өткөн жылдын 2 айында 11 учур болгон. Бардык кылмыш иши боюнча шектүүлөр кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган», — деди ал.