«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимовдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Мындай чечим Бишкек шаардык сотунда чыкты.
Чечимге ылайык, Мирлан Ураимов 26-мартка чейин эч жакка чыгып кетпөө тил каты менен бошотулду.
8-февралда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду кармап кетишкен. УКМКдан ал бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип жатканын билдиришкен.