Кадамжайда күйөөсүнүн колунан каза болгон келиндин да, анын жолдошунун да угуу жана сүйлөө жагынан майыптыгы болгон. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Келин былтыр жайында да сабалып, ооруканага жатып чыккан. «Денесине оор жаракат келтирген. Уруп, чачынан сүйрөп, тишин сындырып, жаактарынан, башынан жаракат алган. Баткенге алып барганбыз. Ооруканага түшкөндө милицияга кабар түшөт экен. Тергөөчүлөр келген, бирок жооп жок болуп кетти. Чара көрүлдүбү же жокпу билбей калдык. Ошондо чара көрүлгөндө бул нерсе болмок эмес деген ойдомун», — деди анын агасы Нургазы Пиржанов.
Баткендин Кадамжай районунда 22 жаштагы келин каза болгон. Милициядан кылмыш иш боюнча анын жолдошуна айып тагылып кармалганын билдиришти.
- 2-январь күнү саат 15:00 чамасында жаран аялы менен Ирелеш айылынын Садыков көчөсүндөгү ички көчөдө бара жатышып, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жолдошу аялын колу менен муунткан. Аялы ошол жерде каза болгон. Каза болгон келиндин жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүү учурунда анын сол көз тарабында көгөргөн жарааттары жана мойнунда кол менен муунтулган белгилери бар экендиги аныкталган.